12.03.2020 14:13

Коронавирус: Өкмөт Кыргызстандагы массалык иш-чараларга чектөө киргизди

Коронавирус: Өкмөт Кыргызстандагы массалык иш-чараларга чектөө киргизди

Кыргыз өкмөтү коронавирус коркунучуна байланыштуу маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизди.

Мындай чара “дүйнөдө коронавирус (COVID-19) боюнча кырдаал жакшырганга чейин” кабыл алынганы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон чечимде айтылат.

Анда “Жеке жактарга жана соода, тейлөө жана коомдук тамактануу чөйрөсүндө алектенген менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жактарга убактылуу чектөө алып салынганга чейин массалык иш-чараларды өткөрүүдөн жана катышуудан кармана туруу, жайларда жана залдарда санитайзерлерди, аба тазалагычтарды орнотуу, кызматкерлерди жана келүүчүлөрдү дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо сунушталды” деп белгиленген.

Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерди дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү, калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

12-мартта Жогорку Кеңеште айрым депутаттар той-аштарды токтотуп, окуучуларды жана студенттерди каникулга таратып, окууну жайкыга которууну сунуш кылышты.

Соңку маалымат боюнча, Кытайдан чыккан коронавирус дүйнөнүн 110дон ашуун өлкөсүнө тарап, дээрлик 118 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 4200дөн ашуун адам каза болду, 63 миңдейи айыгып чыкты.

Кыргызстанда бул илдет катталган жок.