13.03.2020 10:04

Коронавирус: Өкмөт окуучуларды жазгы каникулда үйдөн чыкпоого чакырды

Коронавирус: Өкмөт окуучуларды жазгы каникулда үйдөн чыкпоого чакырды

Коронавирустун алдын алуу боюнча түзүлгөн республикалык штаб кезектеги жыйынын өткөрдү.

Штабдын 12-марттагы жыйынында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн режимде иштеп жатканын билдирди.

«Дүрбөлөңгө түшүүгө себеп жок. Кыргызстанда коронавируска кабылгандар жок, эпидемиологиялык абал туруктуу. Өкмөт ачык иш алып барууда жана коронавирус боюнча жарандарды өз убагында маалымдап турат», — деди Өмүрбекова.

Республикалык штаб жарандарды мектепте окуган балдарын каникул учурунда соода-оюн-зоок жайларына, оюн аянтчаларына, залдарга жана башка эл көп болуучу жайларга алып барбай, каникулду үйдөн өткөрүүгө чакырат.

Мындан сырткары мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге коронавирус боюнча кырдаал жөнгө салынгыча башка өлкөлөргө иш сапарларына барууну токтотуп туруу сунушталды.

Өкмөттүн маалыматына караганда, жакынкы күндөрү дарыкана түйүндөрүнө бир катар ата мекендик өндүрүүчүлөр чыгара баштаган медициналык бет каптар түшө баштайт.