16.03.2020 09:00

Коронавирус: Өзбекстанда илдетке чалдыккандардын саны 4 кишиге жетти

Коронавирус: Өзбекстанда илдетке чалдыккандардын саны 4 кишиге жетти

COVID-19 вирусуна чалдыккан бир ташкенттик аялдын уулу менен кызына да бул вирус жуккандыгы тастыкталды. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирүү таркатты.

Маалыматка караганда, илдетке чалдыккандар менен байланышы болгон үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы тең Вирус таануу илим изилдөө институтунун клиникасына жеткирилгени белгиленет.

Илдет жуктурган аял турган көп кабаттуу үйдө 230дай тургун да дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды.

Белгилей кетсек, 11-мартта Ташкентте Парижден кайткан аял жана анын уул-кызынан тышкары алардын үй-бүлөсүнө тиешеси жок дагы бир өзбекстандык коронавируска чалдыкканы кабарланды.

Аталган министрликтин маалыматына караганда, бул төртүнчү киши 15-мартта таңга маал «Өзбекстан аба жолдору компаниясынын» Стамбул-Ташкент каттамын тейлеген учагы менен Өзбекстандын борборуна кайтып келген.