29.03.2020 10:10

Коронавирус: Өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаарынын тургундары электрондук өткөрмөлөрдү колдоно башташат

Коронавирус: Өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаарынын тургундары электрондук өткөрмөлөрдү колдоно башташат

Өзгөчө абал маалында Бишкек шаарындагы тургундар электрондук өткөрмөлөрдү колдоно алышат. Бул тууралуу борбор калаа боюнча комендант Алмазбек Орозалиев бүгүн, 29-мартта маалымдады.

“1-2 күндүн ичинде өзгөчө абал учурунда берилүүчү өткөрмөлөрдү электрондук түрдө берип баштайбыз. Биз форсмажор шартында иштеп жатабыз, жарандар бизди түшүнүшөт деп ойлойм. Ошондуктан, бул жагдайды оңдойбуз”, - Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев.

Эске салсак, учурда Кыргызстан боюнча коронавирусту жуктургандардын саны 58ге жетти. Алардын басымдуу бөшлүгү Ош шаары жана Жалал-Абад облусунда. Ал эми Бишкекте 4 учур, Баткенде 1 киши оору менен катталган.

Белгилей кетсек, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.