Коронавирус: Өзгөчө абал жарандарга карата кескин чектөөлөр коюлду

Коронавирус: Өзгөчө абал жарандарга карата кескин чектөөлөр коюлду

Бүгүн, 25-мартта Кыргызстанда өзгөчө абал саат 8:00дөн тартып күчүнө кирди. Ага ылайык, Бишкек шаарында 15 санитардык-өткөрмө пункт тургузулуп, шаар аймагына кирип-чыгууга чектөө киргизилди.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өзгөчө абал киргизилген аймактарда жарандар күндүз да, түндө да ээн-эркин жүрө албайт деп түшүндүрдү.

“Башка учурларда өзгөчө абал, коменданттык саат киргизилген учурда кайсы бир убакта көчөдө жүрүүгө уруксат берилмек. Бул эпидемия убактагы коменданттык саатта бир сутка бою жарандардын карым-катнашын колдон келишинче азайтышыбыз керек. Өзгөчө абал режими киргизилген аймактарда жашаган жарандарга коменданттык саатта жана күндүз да дарыканага, дүкөнгө жана медицина мекемесине баруудан сырткары, ар кандай иштер менен көчөгө чыкканга болбойт”, - деди Боронов.

Өзгөчө абал киргизилген Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында күндүзү саат 7:00дөн 20:00гө чейин жарандар төмөндөгү үч себеп боюнча гана көчөгө чыга алат:

  • Дүкөндөн азык-түлүк сатып алууга;
  • Дарыканадан дары-дармек сатып алууга;
  • Дарыгерге, дарылоо процедураларына барууга.

Бул зарылчылыктар үчүн көчөгө чыгуу үчүн бара турган дүкөн, дарыкана, оорукананын маршруттук баракчасы, атайын анкета жана тек жайыңызды тастыктаган документ колуңузда болушу шарт. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов көчөдөн жарандардын кыймылын милиция тескеп тураарын белгиледи.

"Эгерде жаран дарыканага баргысы келсе атайын анкетаны иштеп чыгып таратабыз. Анкетаны өзүнө маршруттук баракча катары толтуруп алышы керек. Маршруттук баракчада үйдүн дареги жана дарыкананын болжолдуу дареги жазылат. Ал ошол жерге гана бара алат. Эгер күндүзгү убакта жаранды патрулдук милиция кызматкери токтотсо, ал өзүнүн ким экендигин күбөлөндүрүүчү документин жана маршруттук баракчаны көрсөтүшү керек”, - деди Боронов.

Өзгөчө абал режими мезгилинде ишке тартылган кызматкерлер үчүн чектөө киргизилбейт. Ошондой эле дарыкана, соода түйүндөр, ишканалардын айрым кызматкерлери штабдын атайын шарты менен иштешет. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жарандарды бул аргасыз чараны түшүнүүгө чакырды.

Бишкек шаары боюнча комендант болуп ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев шаарда каттоосу жок жарандар өзгөчө абал киргизилген аймактан чыгарыларын айтты.

“Көчөдө жүргөн адамдар ички иштер кызматкерлери тарабынан кармалат. Өздүгү аныкталбагандар камакка алынат. Шаар тургундары болбогондор сыртка чыгарылат. Учурдагы кырдаал чыӊалган болуп турат, шаар тургундарын Өзгөчө абал режиминин бардык эрежелерин так сактоого чакырам”, - ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев.

Өзгөчө абал режими киргизилген аймактарда коомдук автоунаалар жана таксилер толугу менен токтотулат. Ал эми транзиттик жүктөр боюнча шаар ичин аралап өтчү бардык ички жолдор жабылат. Жүк ташуучу унааларга айланып өтчү жолдордор аркылуу гана жүрүүгө уруксат берилет. Бирок дары-дармек, азык-түлүк ташыган жүктөргө чектөө коюлбайт. Ошондой эле жазгы талаа иштерине уруксат берилет.

“Өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык саат учурунда жана күндүзгү убакта жазгы талаа иштери боюнча айдоо жерлерде иштеген дыйкандарга иштөөгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт”, – биринчи вице-премьер-министр К.Боронов.

25-марттан тартып Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 24-мартта кол коюп, аны парламент толук колдоду.