Коронавируска чалдыккан дарыгерлердин саны 39 кишиге жетти

Коронавируска чалдыккан дарыгерлердин саны 39 кишиге жетти

10-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусун жуктурган дарыгерлердин саны 39га жетти. Бул тууралуу илдетке каршы туруу боюнча Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка караганда, бүгүн, 10-апрелде жаңы 5 учур катталган. 4 дарыгер Бишкектен. Бирөөсү Чүйдөн. Жалпысынан өлкө боюнча 39 учур.

  • Бишкекте – 8
  • Чүй - 1
  • Ош облусунда – 21
  • Жалал-Абад облусунда – 8
  • Баткен облусунда – 1

Бүгүн, 10-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 298 кишиге жетти.  

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.