Коронавируска чалдыккан медкызматкерлердин абалы кандай?

Коронавируска чалдыккан медкызматкерлердин абалы кандай?

Жугуштуу илдетке кабылган медицина кызматкерлеринин абалы жакшы. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдыкаримов билдирди. Анын айтымында, тогуз медкызматкердин ичинде санитар, тамак ташыгыч, кир жуугучтар да бар.

“Бул кызматкерлер биринчи чекте турушту. Биз алардын бардык муктаждыктарын камсыз кылганга аракет кылдык. Учурда өзүн жакшы сезип жатышат, клиникалык белгилери жок. Тыкыр көзөмөлгө алынууда” - дейт  Абдыкаримов.

Ошондой эле коронавируска чалдыккан бейтаптар менен иштеп жаткан медицина кызматкерлеринде илдет жуктуруу тобокелдиги жогору экенин айтты.  Дарыгерлерди коргоодо бардык чаралар көрүлүп жатканын жана сак болууга чакырды.

Эске салсам, 5-апрелге карата Кыргызстанда коронавирустун 147 учуру катталды.  2-апрелде илдеттен бир адам каза тапкан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.