18.04.2020 10:06
Коронавируска чалдыккандар 500дөн ашты. Бүгүн 17 кишиден табылды
Бүгүн, 18-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 17 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.
- Ош облусу – 5
- Ош ш. – 1
- Нарын облусу - 11
“Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлер катталган жок. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер саны 116 учур бойдон калды”, - деп билдирет министрлик.
COVID-19 лабораториялык жактан тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 738 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал):
- Жакын байланыштар (I категория) – 1 663
- Башка байланыштар (II категория) – 6 075
- Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 075 адам жатат.
Жалпысынан Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясына 506 киши чалдыкты. Анын ичинде:
- Жалал-Абад облусу – 93
- Ош облусу – 140
- Ош ш. – 74
- Чүй облусунда – 28
- Бишкек ш. – 102
- Баткен облусунда – 5
- Нарын облусу – 56
- Ысык-Көл облусунда – 8
- Жалпы катталган учурлардын ичинен – 270 аял, 236 эркек.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: