Коронавируска кабылгандар менен 5048 адам байланышта болгон

Коронавируска кабылгандар менен 5048 адам байланышта болгон

Кыргызстанда коронавирус жуктурган бейтаптар менен байланышта болгон 5048 адам аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде билдирди.

Анын айтымында, 548 адам биринчи категориядагылар, тактап айтканда эң жакын адамдар. Бүгүнкү күндө обсервацияларда 1454 адам жатат.

Алардын ичинен:

  • 468 адам Баткен облусунда;
  • 247 адам Бишкек шаарында;
  • 247 адам Ош облусунда;
  • 91 адам Ысык-Көл облусунда;
  • 86 адам Жалал-Абад облусунда;
  • 79 адам Чүй облусунда;
  • 77 адам Нарын облусунда;
  • 30 адам Талас облусунда;
  • 30 адам Ош шаарында.

Эске салсам, 5-апрелге карата Кыргызстанда коронавирустун 147 учуру катталды.  2-апрелде илдеттен бир адам каза тапкан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.