Коронавируска карата иш-аракеттер алгоритми алмашты: Эми Кыргызстанга кайткандарда оорунун белгиси болсо гана обсервацияга алынат

Коронавируска карата иш-аракеттер алгоритми алмашты: Эми Кыргызстанга кайткандарда оорунун белгиси болсо гана обсервацияга алынат

Бүгүн, 21-марттан тартып чет өлкөдөн келген кыргыз жарандары обсервацияга жапырт жаткырылбайт. Тиешелүү чечимди коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штаб чыгарды.

Маалыматка караганда, обсервацияга оорунун белгилери бар гана жарандар алынат.

Иш-аракеттер алгоритми алмашты. Эми чет жактан өлкөгө кайтып келгендерде оорунун симптомдору (жөтөл, дене табы ысык) байкалса гана, алар стационарга жаткырылат. Эгерде оорунун эч кандай белгилери жок болсо, жаран үй шартында обсервацияга киргизилет. Айта кетсек, чет өлкөлөрдөн келген жарандардын ар биринен лабораториялык анализдер алынат”, - деп айтылат билдирүүдө.  

Ошол эле маалда карантиндин талаптарын бузгандарга карата катуу чаралар көрүлөөрүн эскертишкен.

Бүгүн, 21-мартта эртең мененки саат 9-00гө алынган маалыматка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 6 жаӊы учур катталды.

“Жаӊы очоктор Баткен (1) жана Сузак (5) райондорунда аныкталды. Бейтаптар изоляцияналып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тийиштүү дарылануу алууда”, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, күн мурун, 20-мартта Ош облусунун Ноокат районунда дагы үч адамдан коронавирустун белгилери аныкталган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, алар 67, 71 жана 77 жашта.

18-мартта Сузак районунда, 20-мартта Ноокатта өзгөчө абал жарыяланды. 

Эске сала кетсек, буга чейин 18-мартта Кыргызстанда 3 жарандан коронавирустун симптомдору аныкталган.

Алтоонун тең абалы канааттандырарлык. Баары Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келгени аныкталды.