Коронавирустан бир суткада эки адам көз жумду

Коронавирустан бир суткада эки адам көз жумду

Бир сутка ичинде СOVID-19 инфекциясынан 2 бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда бир бейтап (Чолпонбаев М.Ш. 70 жашта) Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан каза болду. Экинчи бейтап Жайыл аймактык ооруканасынын инфекциялык болумундо каза болду (Ж.К., 67 жашта, эркек).

Бүгүнкү күнгө чейин жалпы каза болгондордун саны 16 кишини түздү.