Коронавирустан дагы эки адам каза тапты
Өткөн суткада Ош облусунда COVID-19 инфекциясынан 2 адам көз жумду. Бул туурасында саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифингде билдирди.
"Көз жумган бейтаптар ооруканада коронавирустан дарыланып жатышкан. Абалдары буга чейин оор болчу"-деди Абдикаримов.
Бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирустан жалпы 4 адам каза тапты. Ал эми 6-апрелге карата өлкөдө коронавируска кабылган бейтаптардын жалпы саны 216 адамга жетти.
Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.
Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: