Коронавирустан дагы эки бейтап көз жумду. Бирөөсү дарыгер

Коронавирустан дагы эки бейтап көз жумду. Бирөөсү дарыгер

Бүгүн, 2-майда Республикалык инфекциялык ооруканасында коронавирустан 2 бейтап көз жумду. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча Республикалык штаб кабарлады.

“Бейтаптардын бири – медкызматкер, №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси К.Д.А. 1962-ж.т., экинчи бейтап 1951-ж.т. Жалал-Абад облусунун тургуну. Эки бейтапта теӊ эки тараптуу пневмония, оорунун оор өтүшү, дем алуу жетишсиздиги катталган”, - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка караганда, аларда дагы кошумча оорулары бар болгон: жүрөк жетишсиздиги, кант диабети, полиоргандык жетишсиздиги.

Бүткүл өлкө боюнча короанвирус илдетине чалдыккандардын саны 769 кишиге жетти. Алардын ичинен 200 учур медицина кызматкерлери.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген. Ал эми 28-апрелде өзгөчө абал режими 10-майга узартылган.