Коронавирустан дагы үч кыргыз жараны сакайып чыгышты

Коронавирустан дагы үч кыргыз жараны сакайып чыгышты

Бүгүн, 4-апрелде Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан жана Аксы аймактык ооруканасынан 3 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча Республикалык штаб кабарлайт.

Маалыматка караганда, алар 24-25 жаштагы эки эркек жана 45 жаштагы аял.

Бейтаптардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда, кайрадан алынган ПЧР анализи коронавирустун жок экенин көрсөткөн”, - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө коронавирус диагнозу менен жаткырылып, айыккан жалпы 9 бейтап стационарлардан чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан бейтаптардын саны 144 кишиге жетти.

  • Бишкек – 15
  • Ош ш. – 12
  • Ош облусунда – 35
  • Баткен облусунда – 3
  • Джалал-Абад облусунда – 67
  • Чуй обсусунда – 6
  • Иссык-Куль обслусунда – 2
  • Нарын обслусунда – 4

2-апрелде илдеттен бир адам каза тапкан. 6 киши реанимацияда, бирөөнүн абалы өтө эле оор. Калгандарынын абалы канааттандыраарлык экендиги маалымдалат.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.