Коронавирустан каза тапкан маркумдун жаназасына 6 киши катышты

Коронавирустан каза тапкан маркумдун жаназасына 6 киши катышты

Кыргызстанда коронавирус жугузуп, ооруканада каза тапкан алгачкы бейтаптын жаназасына туугандарынан эч ким катышкан жок. Бул тууралуу Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдирди:

“Топурак салганга 5-6 адам гана келди. Жерге берилгенде тууган-уруктарынан эч ким болгон жок, жанында. Ачык эле айтам”, - дейт Малик Нурдинов.

Нурдинов ооруну жайылтпаш үчүн ар бир адам зарыл болбосо үйдөн чыкпашы керек экенин эскертти.

Бирок көп өтпөй саламаттык сактоо министри маалымат жыйынын уюштуруп, маркумдун сөөгү тиешелүү адистерге жөнөтүлүп, өлүмдүн анык себебин аныктоо иштери жүрүүдө деп билдирди.  

“Ноокаттан COVID-19 вирусунан каза болгон жарандын өлүм себебин патологоанатомиялык изилдөө үчүн, сөөгү паталогоанатомго жөнөтүлдү, ал тийиштүү корутунду берет”, - дейт саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.

Коронавируска каршы республикалык штабдын маалыматына караганда, 2-апрелде Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап биологиялык өлүмдөн каза тапты.

Ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жатканы маалым болду. ПЧР-анализдин жыйынтыгы менен анда COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталган. Ошондой эле башка да кошо өрчүп кеткен оорулары болгон.

3-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 130 адам аныкталды, алардын бирөө каза тапты. 

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.