20.03.2020 12:43

Коронавирустан коргонуу максатында жергиликтүү шайлоонун датасын жылдыруу демилгесин БШКнын мүчөлөрү колдошкон жок

Коронавирустан коргонуу максатында жергиликтүү шайлоонун датасын жылдыруу демилгесин БШКнын мүчөлөрү колдошкон жок

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кесиптеши Гүлнара Журабаеванын президент жана парламентке кайрылып, жергиликтүү кеңештерге шайлоону өткөрүү кооптуу экени боюнча билдирүү жөнөтүү демилгесин колдошкон жок. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова өзүнүн Facebook-баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка караганда, БШКнын отурумунда аталган маселе добуш берүүгө коюлган. Демилгени болгону төрт киши колдосо, 7 мүчөсү каршы пикирин билдиришкен.

Эске салсак, мурдараак Гүлнара Журабаева корнавирустун жайылып жатканына байланыштуу шайлоону жылдыруу маселеси канчалык эрте караласа, ошончо жакшы болоорун билдирген эле.

Анда ал жаңы виирустун өтө тездик менен жугуу өзгөчөлүгүн эске алуу менен, кыргызстандыктардын ден соолугун тобокелдикке салбаш керектигин айткан эле.