Коронавирусту дарылоого канча каражат жумшалат? Штабдын жообу

Коронавирусту дарылоого канча каражат жумшалат? Штабдын жообу

Кыргызстанда стационардагы COVID-19 вирусуна чалдыккан бир бейтапты дарылоонун орточу наркы оордугунун даражасына жараша 8 миң сомдон 120 миң сомго чейин түзөт. Бул тууралуу коронавирка каршы Республикалык штабдан билдиришти.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бул акчага дары-дармектерге, стационарда калууга, медициналык каражаттарга, изилдөө жүргүзүүгө жана анализ тапшырууга кеткен чыгашалар кирген.

Буга чейин Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган бир бейтапты дарылоого болжол менен 3000 доллар сарпталып жаткандыгын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирген.  

Ошондой эле республикалык штаб COVID-19 вирусу бар бир бейтапты дарылоонун дүйнө жүзү боюнча наркына жүргүзүлгөн мониторингди жарыялады:

Кытай

Кытайда COVID-19 вирусу бар бир жаранды дарылоого кеткен чыгашалардын орточо деӊгээли 21,5 миӊ юань (3 миӊ доллардан ашык) каражатты түзөт, коронавирусу бар оор абалдагы бейтапты дарылоого 150 миӊ юан (21,3 миӊ доллар) кетет. Сейрек учурларда өтө оор абалдагы бейтаптарды дарылоого бир нече жүз миӊ юань, кээде 1 миллион юандан да (140 миӊ доллар) көп акча сарпталган.

Украина

Украинанын ар кайсы ооруканаларында бир бейтапты дарылоого, оорунун оордугуна, дарылоонун тактикасына карата күнүнө болжол менен 300 гривенден (11$) 10 миӊ гривенге (370$) чейин кетет.

Россия

Россияда коронавирус илдетинин жеңил түрү менен ооруган бейтаптын бир күндүк дарылануусу 60 миң рублди түзөт. Эгерде оору орточо түрүнө өтсө, анда дарылоонун баасы бир күнгө 140 миң рублди түзөт. Бейтаптын оорусу оор түрүнө өткөндө дарылоонун баасы кымбаттайт – 202 миң рублди түзөт.

Өзбекстан

Өзбекстанда COVID-19 илдети менен ооруган орто абалдагы бейтаптын дарылануусуна 32 млн сум ($3160), оор абалдагы бейтаптын дарылануусуна 64 млн сум ($6320) чыгымдалат.

АКШ

АКШда камсыздандырылбаган бейтаптарды алты күндүк ооруканага жаткыруу үчүн 73 300 АКШ доллар төлөп берүүгө туура келет, ал эми камсыздандырылган жарандар медициналык мекемелер камсыздандыруу компанияларынан сураган — 38 220 долларга бааланган сумманын бир бөлүгүн төлөшөт.