04.04.2020 12:06

Коронавирустун айынан казак тарап кыргыз жарандарын чек арасынан өткөрбөй койду

Коронавирустун айынан казак тарап кыргыз жарандарын чек арасынан өткөрбөй койду

Россиядан дагы 100гө жакын кыргызстандык чыга албай жетет. Себеби Казакстандан чек арасын ачпай койгон. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Республикалык штабдын маалыматында, жүзгө жакын кыргызстандыктар орус-казак чек арасы ачылганга чейин Оренбург облусундагы Соль-Илецк шаарындагы мейманканаларга жайгаштырылды.

“Үч үй-бүлөгө Соль-Илецк шаарынын мусулмандар башкармалыгынын колдоо көрсөтсө, 15ке чукул айдоочу өз каалоосу менен автоунааларында калууда”, - деп билдирди республикалык штаб.

Кыргызстандын жарандарын алып кетүү үчүн транзиттик жол уюштуруп берүү тууралуу өтүнүчүн коңшу өлкө четке каккан. Казакстан мунун себебин өлкө аймагына өзгөчө абал жарыяланганына жана оор эпидемиологиялык кырдаалга байланыштырган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мекенине кайтып келе жатып чек арадан өтө албай калган жарандардын маселесин чечүүгө аракет кылып жатканын кабарлады.