26.03.2020 14:24

Коронавирустун айынан өлкө бюджети миллиарддаган жоготууларга дуушар болот

Өкмөт өнөр жай товарларын жана техниканы онлайн режимде сатууга өтүүнү сунуштайт. Бул туурасында 26-мартта КР вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди.

Ошондой эле вице-премьер-министр маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, коронавирустун айынан өлкө бюджетинин жоготуулары миллиарддап саналаарын билдирди.

“Экономика министрлиги жана Финансы министрлиги экономикалык потенциалдын төмөндөшү жана COVID-19 вирусунан улам чек аралардын жабылышы менен өлкө бюджетинин жоготуулары боюнча эсеп-кысаптарын жүргүзүүдө. Алдын ала суммасы – 27-28 млрд сом”, - КР вице-премьер-министри Эркин Асрандиев.

26-марттын саат эртең мененки 9уна карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын жалпы саны - 44. Алардын алтоо реанимацияда.

Эске салсак, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.