09.03.2020 09:48

Коррупция: 25 миң доллар опузалаган салык кызматкерлери кармалышты

Коррупция: 25 миң доллар опузалаган салык кызматкерлери кармалышты

25 миң доллар доолаган салык кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Маалыматка караганда, 6-мартта Ленин райондук салык башкармалыгынын бөлүм башчысы Н.Ш. жана инспектору С.Р. камоого алынды. 

Алар жеке компаниянын бухгалтеринен салыктык текшерүүнүн жыйынтыгын оң тарапка чечип берүү үчүн 25 000 АКШ долларын талап кылышкан.  2020-жылдын февраль айларында салык кызматынын инспектору С.Р. белгиленген сумманын бир бөлүгү 5000 АКШ доллар акча каражатын алган.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Жазык кодексинин 326-беренеси («Опузалап пара талап кылуу») боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.