03.12.2019 16:18

Коррупция: депутат Алтынбек Сулайманов УКМКга сурак берди

Коррупция: депутат Алтынбек Сулайманов УКМКга сурак берди

Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов «Азаттыктын» иликтөөсүнө байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка барды. Бул тууралуу УКМК кабарлайт.

Күн мурун, 2-декабрда атайын кызмат иликтөөгө тиешеси бар адамдардын баары күбө катары суракка чакырыларын билдирген. 2-декабрда Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Дүйшөн Төрөкулов да сурак берип чыккан.

УКМК андан тышкары «Үмүт 2020» саясий кыймылынын түзүүчүсү Ширин Айтматова, президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар суракка чакырыларын жарыялаган.

Аны менен катар эле  «Азаттык Медиа» мекемесинин журналисттери Али Токтакунов жана Ыдырыс Исаков дагы 2-декабрда күбө катары суракка чакырылган. 

Эске салсак, 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар жарыяланган.