25.11.2019 13:20

Коррупцияга каршы акциясына 3 миңден ашуун жаран катышты

Коррупцияга каршы акциясына 3 миңден ашуун жаран катышты

Ала-Тоо аянтындагы #ReАкция митинги соңуна чыкты. Акциянын катышуучулары акырындан таркай башташты.

Бүгүн, 25-ноябрда Ала-Тоо аянтына бери дегенде эле 3 миңден ашуун жаран чыгышты. Акцияга жарандык активисттер Рита Карасартова, Ширин Айтматова жана Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев катышышты.

Мындан сырткары тынчтык акциясына Сооронбай Жээнбековдун саясатын колдогондор, Раим Матраимовдун тарапташтары жана Арстан Алайдын колдоочулары келишкенин биздин кабарчылар байкашкан.

Акциянын катышуучулары мурдагы бажычы Раимбек Матраимовдун камалышын, ЖМКларга чыккан коррупция боюнча фактылардын ар тараптуу иликтенишин жана мыйзамсыз чыгарылган баардык акча каражаттарын кайрадан Кыргызстанга кайтаруу талаптарын коюшту.

Митинг тынч өтүп, башаламандыктар байкалган жок. Акциянын катышуучуларына башында милиция кызматкерлери келишип, бирок юристтердин түшүндүрмөсүн угушкандан кийин кетип калышкан.

Эске салсак, 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар жарыяланган.