25.11.2019 16:06

«Тазалык»: Коррупцияга каршы митингде кымындайда таштанды табылган жок

«Тазалык»: Коррупцияга каршы митингде кымындайда таштанды табылган жок

#ReАкция митингинен кийин Ала-Тоо аянтынан таштанды чыккан жок. Бул тууралуу шаардык муниципалдык ишканасы билдирет.  

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Кыргызстандагы ири коррупцияга каршы өнөктүк уюштурулуп, анын катышуучулары тартипти катуу сакташкан.

Тагыраагы, митингден кийин негизги аянтка таштанды терип, тазалайын деп барган шаардык муниципалитеттин кызматкерлерине жумуш табылган эмес.

“Тазалык“ МИнын Ала-Тоо аянты” жана “фонтан комплекстери” тилкесинин башчысы Руслан Жаныгулов бул маалыматты тастыктайт. Айтымында жарандык акциянын соңунда Чүй проспектиси таза бойдон калган.

 «Рахмат, шаардыктар! Дайыма эле ушундай болсо кана», - деп МИ жазып чыкты.

Бүгүн, 25-ноябрда митингке экс-бажычы Раим Матраимовдун көмүскөдөгү бизнеси жана ири коррупциялык схемаларды айгинелеген ЖМКлардын иликтөөсүнө бийликтин жообуна нааразы болгондор чыгышкан.

Эске салсак, 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар жарыяланып, Кыргызстандагы мурунку жана азыркы аткаминерлердин катыштыгы бар экендиги ачыкталган.