27.11.2019 13:47

Депутат: Коррупциянын ордуна митинг менен алышкан бийлик

Депутат: Коррупциянын ордуна митинг менен алышкан бийлик

Мамлекеттик маалымат каражаттар 25-ноябрда өткөн митингди АКШ каржылаган деп чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

"Биринчи күн коррупцияга каршы митинг өттү. Биз унчукпай отура берсек, туура эмес болуп калат. Мамлекеттик маалымат каражаттары митингди Америка уюштурганын айтып жатышат. Биз бул жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакциясын талкуулашыбыз керек. Болуп жаткан окуяларды ачык эле айтыш керек. Бир гана контрабанда тууралуу айтып туруп алышты. Бизде митинг өткөнүнө уялбашыбыз керек. Ал жакта президентке каршы эч ким эч нерсе айткан жок. Бүт өлкөлөр “Раим-миллион” тууралуу билишет», - деп белгилейт эл өкүлү.

Эске салсак, 25-ноябрда #REАкциянын катышуучулары мурдагы бажычы Раимбек Матраимовдун камалышын, ЖМКларга чыккан коррупция боюнча фактылардын ар тараптуу иликтенишин жана мыйзамсыз чыгарылган баардык акча каражаттарын кайрадан Кыргызстанга кайтаруу талаптарын коюшкан.