22.04.2020 11:32

Кой-Таш окуясы: Алмазбек Атамбаев өзүн жаман сезип жаткандыктан отурум жылдырылды

Кой-Таш окуясы:  Алмазбек Атамбаев өзүн жаман сезип жаткандыктан отурум жылдырылды

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу начарлап кеткендиктен, соттук отурум жылдырылды. Бул тууралуу анын кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, айрым жактоочулар менен экс-президенттин катышпаганына байланыштуу соттук отурум 27-апрелге дүйшөмбүгө жылдырылды. Алмазбек Атамбаев ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу сотко алынып келинген эмес.

Эске салсак, окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишиге айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.