06.05.2020 10:42

Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму 10 мүнөткө созулду

Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму 10 мүнөткө созулду


Бүгүн, 6- майда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда саат 10:00гө Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү белгиленген.

Айыпталуучулар №1 тергөө абагынан алынып келинди. Соттук териштирүү 10 мүнөткө созулуп, андан соң жактоочу жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин келбей калгандыгынан улам кийинкиге жылдырылды, андан тышкары жабыркаган тарап дагы жок болду.

Эске салсак, Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев күнүгө бир канча жолу экс-президенттин кан басымы өтө төмөн деңгээлге түшүп кетип жатканын дайыма айтып келет. УКМК анын бардык билдирүүлөрүн четке кагып, Атамбаевдин ден-соолугу канааттандырарлык экенин ырастайт.

Кийинки отурум 11-майга саат 10:00гө белгиленди.

Ирина Карамушкинин адвокаты Александр Типеров отурумду дайыма жылдыра бергенине байланыштуу  Кыргызстандын Жогорку Сотуна арыз менен кайрылууга ниеттенип жаткандыгын белгиледи.

Кундуз Жолдубаеванын айтымында, Равшан Жээнбеков АКШ эксперттеринин Кой-Таш окуясы боюнча иш ойдон чыгарылган деген материалын сотко өткөрүп берди.

Эске салсак, өткөн сот отуруму айрым адвокаттардын келбей калгандыгына байланыштуу кийинкиге калтырылган. Бишкекте өзгөчө кырдаал режими күчүндө болгондуктан, укук коргоочулардын баары эле  райондук соттун имаратына барууга мүмкүнчүлүгү жок.

Белгилей кетсек,  7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анын алкагында 14 кишиге айып тагылган. Алардын катарында мурдакы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева, Равшан Жээнбеков, Мээрбеку Мискенбаев, Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова, Канат Сагымбаев жана Фархат Баабиев бар.