04.03.2020 11:49

Кой-Таш окуясы: Канат Сагымбаевди ишти сот арачыларынын катышуусунда өткөрүүнү өтүндү

Кой-Таш окуясы: Канат Сагымбаевди ишти сот арачыларынын катышуусунда өткөрүүнү өтүндү

Бүгүн, 4-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы соттук отурум өтүүдө.

Отурумдун жүрүшүндө экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жак сакчысы, УКМКнын 9-кызматынын кызматкери Канат Сагымбаев судьядан сотту сот арачыларынын катышуусунда өткөрүүнү өтүндү. Бул тууралуу жактоочу Нурбек Токтакунов өзүнүн Facebook-баракчасына жазып чыкты.

 «Адам өлтүрүүгө далили жок айыпталып жаткан Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жак сакчысы Канат Сагынбаев тергелип жаткан ишти сот арачыларынын катышуусунда өткөрүүнү өтүндү», - дейт адвокат.

Андан соң сот кеңешме бөлмөсүнө чыгып кеткенин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Кой-Таш окуясына байланыштуу 19 адамга айып коюлган. Алардын ичинен бешөө тергөө менен кызматташууга макул болушкан.