29.04.2020 11:03

Кой-Таш окуясы: Соттук отурум кайра жылдырылды

Кой-Таш окуясы: Соттук отурум кайра жылдырылды

Бүгүн, 29-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча өтө турчу соттук териштирүү кайра жылдырылды. Бул тууралуу КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

Белгилей кетсек, УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан экс-президент Алмазбек Атамбаев соттук процесске алып келинген болчу. Бирок айрым адвокаттардын келбей калгандыгына байланыштуу отурум 6-майга жылдырылды.

Эске сала кетсек, 7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анын алкагында 14 кишиге айып тагылган. Алардын катарында мурдакы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Кундуз Жолдубаева, Равшан Жээнбеков, Мээрбеку Мискенбаев, Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова, Канат Сагымбаев жана Фархат Баабиев бар.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, аларга Кылмыш-жаза кодексинин 11 беренеси боюнча айып тагылган:

  • 39 («Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу»);
  • 355 («Бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу же коркутуу»);
  • 337 («Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук жаратуу»);
  • 244 («Адамдарды барымтага алуу»);
  • 264 («Массалык башаламандык»);
  • 130 («Киши өлтүрүү»);
  • 130 жана 39 («Киши өлтүрүүгө аракет кылуу»);
  • 253 («Курал-жаракты мыйзамсыз айлантуу»);
  • 257 («Ок атуучу курал-жаракты уурдоо»);
  • 338 («Сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу күч колдонуу же коркутуу») беренелери.