17.12.2019 14:25

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия акыркы корутундусун алмаштырып койгон

7-8-августтагы Кой-Таш окуясын иликтеген мамалекеттик комиссия акыркы корутундусун алмаштырып койгон. Бул тууралуу конституциялык палатанын мурунку судьясы жана аталган комиссиянын мүчөсү Клара Сооронкулова бир катар ЖМКларга билдирип чыкты.

Маалыматка караганда мамлекеттик комиссия өз ишинин соңунда эки корутунду камдалган. Биринчиси боюнча акыркы отурум уюштурулуп, протокол менен бекитилип, добушка коюлган. Бирок Клара Сооронкулова каршы пикирин билдирген. Жаркынбек Касымбеков такыр эле кол койбой койсо, Исмаил Исаков жыйынга келген эмес.

Кийинчерээк комиссиянын экинчи корутундусу чыккан. Ал жакка күч структураларынын жоопкерчилиги тууралуу ой камтылып, бирок протокол менен бекитилген эмес.

К. Сооронкулованын баамында, акыркы чечимдер боюнча документтерди эч кимге бербей коюшкандыктан, аны ЖМКларга жайылып, Жогорку Кеңештин кароосуна коюлган варианты менен салыштырып көрүүгө мүмкүн эмес.

“Жогорку Кеңеште биз кол койгон документ эмес, башкасы тааныштырылды деп айта алам. Азыр мен муну далилдей албайм. Мага корутундуну алып чыгууга болбойт деп колума бербей коюшкан”, - дейт Клара Сооронкулова.

Ага карабастан, Клара Сооронкулованын  билдиргенине караганда, депутат Тынчтыкбек Шайназаровдун 12-декабрда парламенттин отурумунда окуган корутундусу, жеке өзү кол койгон варинаттан алда канча айырмаланып турат.

Тагыраагы, өзү кол койгон корутундуда мурунку депутат Равшан Жээнбеков жана азыркы депутат Рыскелди Момбеков тууралуу сөз болгон эмес.

 «Текстти өзгөртүп коюшат деп оюма дагы келген эмес. Кечээ корутундуну окуп чыктым, анда көптөгөн толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилиптир. Парламенттин отурумунда Рыскелди Момбеков нааразы болгону эсимде, мен алгач эмнеге экенин түшүнгөн эмесмин, кийин шек санап калдым. Кечээ окуп чыккандан кийин, ал жакта эмнелер гана жазылганын көрдүм. Мындай текстке мен өмүрүмдө кол коймок эмесмин. Жеңиш Разаков буйрук берди деп бекитишиптир. Тактап айткандай, аталган кортундунун мыйзамдуулугу тууралуу маселе күндүн темасынан алынып салынган эмес. Мага өзүм кол койгон протоколду алып келишсин», — дейт К. Сооронкулова.

Буга чейин комиссия мүчөсү Тынчтык Шайназаров 24.kg агенттигине бул баардык өкүлдөр тарабынан бекитилген, жактырылган вариант деген.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин премьер-министр Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча атайын комиссия түзгөн. Анын курамына вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, депутаттар, өкмөттүн өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана эксперттер кирген.