24.09.2019 09:35

Кой-Таш окуясын иликтөөчү комиссиянын иши узартылды

Кой-Таш окуясын иликтөөчү комиссиянын иши узартылды

Кой-Таш окуясын иликтөөчү комиссиянын иши 15-октябрга чейин узартылды. Бул туурасында өкмөттөн билдиришти.

Мамкомиссиянын мүчөлөрү өткөн жыйында ички иштер министринин орун басарлары Памир Асановдун жана Алмаз Орозалиевдин, ошондой эле коомдук ишмер Турусбек Коеналиевдин жана УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин маалыматын угушкан.

Кечээ, 23-сентябрда өткөн жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова кайрадан чакырылган, бирок эл өкүлдөрү катышуудан баш тартышкан.

Комиссиянын бир катар мүчөлөрү комиссиянын кийинки көчмө жыйынын Жогорку Кеңештин имаратында өткөрүүнү сунушташты. Мында депутаттар Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова менен жолугушуу күтүлүүдө. Бул сунуш комиссиянын өкүлдөрү арасында колдоо тапты.

Жыйында аскердик прокурор Нуркамал Набиев, Башкы прокуратуранын тергөөгө көзөмөл жүргүзүү боюнча башкармалыгынын жетекчиси Замир Бейшекеев Жогорку Кеңештин №3218 токтомун аткаруу боюнча маалымат беришти.

Жыйындын жүрүшүндө обьективдүү жыйынтык чыгаруу үчүн бардык кызыкдар тараптарды угуу максатында Мамлекеттик комиссиянын иштөө мөөнөтүн 15-октябрга чейин узартуу маселеси көтөрүлүп, колдоо тапты. 

Эскерте кетсек, 29-августта Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына бир катар депутаттар, коомдук ишмерлер кирген. Комиссия ишин бүтө электигине карабастан, анын акыйкат чечим чыгарышынан шек санагандар бар. «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова комиссия тергөөнүн милдетин аткарып калганын билдирген.