04.09.2018 14:27

КР Көк бөрү федерациясынын президенти казак кесиптешинин сөзүн четке какты

КР Көк бөрү федерациясынын президенти казак кесиптешинин сөзүн четке какты

Казакстандын көк бөрү боюнча курама командасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ойношот. Бул тууралуу Sport АКИpress КР Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов билдирди.

Биринчи турда казак командасы 3-сентябрь күнү Красноярский крайынын оюнчулары менен ойномок, бирок, оюн талаасына чыккан эмес. Кийинчерээк, таймаш жылдырылганы, казак курамасы ойной турганы маалым болгон.  

«Казакстан командасы келери менен өздөрүнө ат тандап, оюнга даярданып башташкан. Оюн болоор күнү көйгөйлөр жаралды. Алар көк бөрүдө тай-казандын ордуна чийилген тегерек болушун каалашты. 

Азыр бул маселелер чечилди. Казакстандын курамасы Көчмөндөр оюндарына катышат. 5-сентябрда казак командасы АКШ командасына каршы ойнойт. Ошол эле күнү Красноярский крайынын курамасы менен жылдырылган оюнду ойношот. Алар бир күндө эки оюн өткөрүүгө макул болушту.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып жаткан бардык командаларга биз аттарды берип жатабыз. Ал эми, Казакстан көк бөрү федерациясынын президенти Ерлен Оспановдун Кыргызстан алардын курамасында кыргыздар ойносун деген шарт койду дегени чындыкка жатпайт», - деди Жыргалбек Саматов Sport АКИpress агенттигине.