КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менингит оорусу боюнча маалымдама таратты

КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менингит оорусу боюнча  маалымдама таратты

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги кошуна Казакстандагы менингит боюнча кырдаалды эске алуу менен маалымдама таратты. Министрликтин билдиришинче,  2018 жылдын 4 айынын жыйынтыгы боюнча республикада менингит оорусунун 10 учуру катталган, оорунун катталышы өткөн жылга караганда эки эсеге азайган, 2017-жылдын ушул мезгилинде 27 учур катталган.

Менингококк инфекциясына циклдик кайталануу жана мезгилдик катталуу мүнөздүү, ар бир 10-15 жылда бир циклдик өсүү байкалат. Көп жылдык байкоолорду карап көрсөк, оорунун өсүшү 2013-жылдын аягында башталып, 2017- жылдан бери акырындык менен төмөндөөдө.

Менингококк инфекциясы жугуштуу дарт болуп эсептелинет. Оорунун таркатуучу булагы болуп оорулуу адам эсептелинет. Көбүнчө эпидемиологиялык жактан айланадагылар үчүн кооптуусу, клиникалык белгилери байкалбаган менингококктун бактериясын алып жүрүүчүлөр болуп эсептелинет.

Бул оору аба-тамчы жолдору аркылуу таралат жана кыш-жаз мезгилинде көбүрөөк катталуу мунөздүү.Оорунун кыш-жаз айларында катталуусу-былжыр челдин, каңылжаардын сезгичтигинин төмөндөшү, вирустук оорулардын көбөйүшү, абанын температурасынын жана нымдуулугунун жогорулашы, адамдардын бөлмөдө көп болушу жана иммунитеттин төмөндөшү менен түшүндүрүлөт.

Бул оору менен бардык курактагылар оорушат, бирок 5 жашка чейинки балдар көбүрөөк оорушат. Бул оору оорулуу адам менен тыгыз байланышта болгондо жугат. Ооруганда өз убагында медициналык жардамга кайрылуу керек, үй шартында дарылануу өлүмгө алып келет.

Мүнөздүү белгилери:

оорунун капыстан башталышы,

-дене табынын 40-41 гградуска  чейин көтөрүлүшү,

-чыйрыгуу

-баштын төбөсүнүн жана чыкыйдын катуу оорусу

- көп жолу кайталап кусуу, ал кусуу тамак ичүү менен байланышпайт

- алдын кетүүсү

- тамактан баш тартуу, акыл эстен тануу

- балдардын тынчсызданып ыйлашы

Алдын алуу иш-чаралары

-оорулуу адам менен тыгыз байланышта болбоо, өздүк сактануу каражаттарын колдонуу, колду таза жууп туруу

-денени чыңдоо жана спорт менен машыгуу 

-менингиттин өөрчүп кетишине шарт түзгөн кулак, мурун, тамактын курч жана өнөкөт кармаган ооруларын өз убагында дарылап туруу.

Энтеровирустук менингиттер

Энтеровирустук менингиттер-вирустук жугуштуу оорулар, оорулуунун башынын катуу оорусу, кусуусу жана дене табынын көтөрүлүшү менен мүнөздөлөт. Оорунун козгогучу - вирустар болуп эсептелинет. Оорунун жыл ичинин жаз жана жай мезгилдеринде өсүшү мүнөздүү. Вирус адамдын денесине ичеги карындар аркылуу келип, ал жакта көбөйүп, анан борбордук нерв системасын жабыркатат. Жашыруун мезгили орточо эсеп менен 7 күнгө чейин барат.

Энтеровирустар нымдуулукту жана сууну жакшы көрүшөт, вирустар менен булганган тамак аштарда кездешет, андан сырткары аба тамчы жолдору аркылуу тароо жолдору да актуалдуу болуп эсептелинет.

Жай мезгилинин ысык күндөрүндө, энтеровирус сууга эл көп чогулган жерлерде (лагерь, санатория, пляж), сууга түшүүдө менингитти козгоочу энтеровирустар жана анын штаммдары булганган суулар аркылуу жугат.

Жайдын ысык күндөрүндө, энтеровирус менен булганган сууларга (лагерь, санатория, пляж) адамдар сууга түшүп жаткан убагында ооруп калышы мүмкүн.

Клиникалык белгилери:

Энтеровирустук менингиттер капыстан жана тез кармоочу оору, дененин табы көтөрүлүп, баш катуу ооруйт, кусат жана ал кусуу эч кандай жеңилдик алып келбейт. Оорулуунун алы кетип, денеге кол тийсе ооруксунуп, катуу үнгө жана жарыкка бат реакция кылат.

Алдын алуу иш чаралар:

Энтеровирустук менингиттердин алдын алууда жалпы гигиеналык иш чараларды колдонуу талап кылынат. Ар кимдин өзүнүн кол аарчыгычы болуу жана сууну кайнатып ичүү талапка ылайык. Тамак ичээрдин астында колду жана тамак-аштарды таза жууш керек. Атайын сууга түшүү үчүн бөлүнгөн жерлерде түшүп, ачык көлмөлөрдө сууга түшүүнү токтотуп, эл көп чогулган жерлерге барбоо керек.

Энтеровирустук менингиттерден сактануу үчүн атайын эмдөө жүргүзүү иштелип чыга элек.