12.09.2018 15:53

КР Улуттук статком: ИДП көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 0,3 пайызга төмөндөдү

КР Улуттук статком: ИДП көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 0,3 пайызга төмөндөдү

Акыркы айларда социалдык-экономикалык өсүүнүн темптеринин төмөндөөсү байкалууда. Маселен, 2018-жылдын 6 айынын ичинде ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоолор боюнча, 310 миллиард сомду түзүп, мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырганда 0,3 пайызга төмөндөдү. Бул туурасында бүгүн, 12-сентябрда КРнын Улуттук статистикалык комитети билдирди

Маалыматка караганда, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ички дүң продуктунун көлөмү 283  миллиард сомго жакынды түзүп, 2,1 пайызга өстү.

Аны менен бирге, өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2018-жылдын январь-августунда 146 миллиард сомго жетип, мурунку жылга салыштырмалуу 9,3 пайызга төмөндөдү. 

Айыл чарбасында реалдуу өсүү 1,8 пайызды, курулушта өсүү 6,7 пайызды, ошондой эле дүң жана чекене соодада өсүү 5,5 пайызды түзүп, оң тенденциялар байкалган.

2018-жылдын январь-августунда (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпысынан республика боюнча керектөө бааларынын 1,2 пайызга төмөндөөсү (дефляция) байкалган. 2017-жылдын январ-августунда керектөө секторунда инфляциянын деңгээли 1,5 пайызды түзгөн эле.

Жыл башынан бери керектөө товарларына жана кызматтарына баалар республиканын бардык региондорунда төмөндөөсү байкалган, бир гана Нарын облусунда 1,8 пайызга жогорулап, Ош облусунда өзгөрүүсүз калган.

2018-жылдын январь-июлунда, тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 3,8 миллиард АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,0 пайызга жогорулаган. Мунун ичинде экспорттук операциялар 1,6 пайызга төмөндөгөн, ал эми импорттук келип түшүүлөр 20,0 пайызга өскөн.

2018-жылдын январь-июлунда ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен өз ара сооданын көлөмү 1,3 миллиард АКШ долларын түзүп, 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 0,3 пайызга жогорулаган. Мунун ичинде,  импорт – 2,8 пайызга төмөндөгөн, ал эми экспорт – 10,4 пайызга өскөн. ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодада эң көп үлүш Россияга  (66,2 пайызы) жана Казакстанга (32,1 пайызы) туура келген.

Кыргыз  Республикасынын экономикасына 2018-жылдын I жарым жылында 2017-жылдын I жарым жылына салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын  келип түшүү агымы 33,2 пайызга кыскарып, 247,0 млн. АКШ долларын түздү.

Ошондой эле, 2018-жылдын I жарым жылдыгында тике чет өлкөлүк инвестициялардын  чыгып кетүү агымы 24,9 пайызга төмөндөдү жана 236,4 млн. АКШ долларын түздү.  2018-ж. I жарым жылдыгында негизги инвесторлор Кытай, Россия, Нидерланд, Туркия, Швейцария жана Казакстан болуп эсептелди, алардын үлүшүнө келип түшкөн инвестициялардын жалпы  көлөмүнүн 79 пайызы туура келди.