31.05.2018 16:21

Красная-Речка балдар үйүнүн тарбиялануучуларына майрамдык маанай тартууланды

Красная-Речка балдар үйүнүн тарбиялануучуларына майрамдык маанай тартууланды

Балдарды коргоо эл аралык күнүнө  карата КСДП партиясы Красная-Речкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучуларын майрамы менен куттуктады. Бул туурасында партиянын маалымат кызматынан билдиришти.

Партиянын көмөгү менен «Фламинго» аттракциондор паркына  келген балдарды жомоктогу каармандар көңүл ачуучу программа менен тосуп алышты.  

Балдарды КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Сапар Исаков куттуктады. Ал бейформал маанайда балдар менен маектешип, экономиканын өнүгүшү менен Кыргызстанда бара-бара балдар үйлөрүн жабуу  зарылдыгын билдирди. 

«Балдарды коргоо күнү - өзгөчө майрам. Биз, чоңдор өсүп келе жаткан муундун келечеги үчүн жооптуубуз. Аларга ар дайым кам көрүп, убакыт бөлүү зарыл. Башкысы, биз аларды коргоого тийишпиз. Балдар жапа чекпеши керек. Балдар кабылып жаткан зордук-зомбулукка каршы күрөшүү үчүн коом болгон күчүн жумшашы шарт», - деди Сапар Исаков.

Майрамдык иш-чаранын акырында балдарга тамак берилди. Алардын айрымдары Бишкек шаарын биринчи жолу көрүп жатканын билдиришти.

Маалымат үчүн: Красная-Речка балдар үйүндө ата-эненин камкордугунан ажыраган 130 бала тарбияланат. Алардын арасында интернаттан алыс чыгууга болбой турган оор абалдагы балдар да бар.