01.06.2018 08:30

Криштиану Роналду сегиз жылга түрмөгө кесилип кетиши мүмкүн

Криштиану Роналду сегиз жылга түрмөгө кесилип кетиши мүмкүн

Испаниянын Салык кызматы мадриддик «Реалдын» португалиялык футболчусу  Криштиану Роналдудан 28 млн евро төлөөнү талап кылууда. Болбосо футболисттин иши сотко өтүп, 8 жыл мөөнөт алышы толук мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. 

Спортсмендин жактоочулары күнөөнү моюнга алуу  менен 14 млн евро төлөп кутулуп кетүүнү көздөшкөн. Мындай учурда футболисттин мөөнөтү 2 жылга кыскарып, Роналдунун мурда Испанияда соттолбогонун эске алуу менен ал дароо шарттуу түрдө кесилмек. 

Бирок, Салык кызматы бул сунуштан баш тартып, оюнчудан мурда төлөбөй жашырып келген бүт сумманы жана ага тийиштүү бардык айып пул, пайыз жана чыгымдарды (бардыгы — 28 млн евро) 15-июнга дейре төлөөнү талап кылууда. 

Эгер футболист төлөөдөн баш тартса, анда сот алдында жооп берип, 8 же андан көп жылга түрмөгө кесилип кетүү тобокелдиги жаралат. 

Роналду 2011-2014-жылдар аралыгында  14,7 млн евро суммасындагы салыкты төлөбөй жүргөн деп айыпталууда. Өткөн жылдын июлунда соттук отурум учурунда португалиялык спортсмен эч качан эч нерсе жашырбаганын жана салык төлөөдөн качпаганын билдирген.