03.09.2019 11:58

КСДП Аскер прокуратурасынан «Медиа-Форумдагы» кеңсесине кирүү укугун берүүнү сурады

  Алмазбек Атамбаевдин иши (32 материалов)
КСДП Аскер прокуратурасынан «Медиа-Форумдагы» кеңсесине кирүү укугун берүүнү сурады

Кыргызстан социал-демократтар партиясы Аскер прокуратурасынан «Медиа-Форумдагы» ижарага алган кеңсесине кирүү укугун берүүнү суранат. Аскер прокурору Н.Б.Набиевдин атына жазылган кайрылууну бүгүн, 3-сентябрда партиянын басма сөз кызматы таратты. 

Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы (мындан ары - КСДП) 1993-жылы түзүлгөн жана Кыргызстандын ири саясий партиясы болуп эсептелет.  Жогорку Кеңеште КСДП эң ири фракцияга ээ.  Партиядан чыккан талапкер Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы октябрда КР Президенти болуп шайланган. 2018-жылы июнда партия саясий партиялардын эл аралык уюму - Социалисттик интернационалдын (Социнтерн) толук кандуу мүчөсү болгон. КСДП өз ишмердүүлүгү үчүн  «Медиа-Форум» ААК административдик имаратынан 5 кабинетти ижарага алып иштеп келген.

«2019-жылдын 9-августунда Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү тарабынан «Медиа-Форумдун» имараты камакка алынды. Бул экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон кылмыш иштеринин алкагында жүргөнү айтылды. Экс-президент А.А. Атамбаев КСДП төрагасынын укуктарын жана партияга мүчөлүгүн 2019-жылдын 25-майында токтоткон жана КСДПга эч кандай тиешеси жок.  

Тергөөчүнүн көрсөтмөсү же токтому менен КСДПнын кызматкерлери өз жумуш орундарына кире албай жатышат. Партия «Медиа-Форумдун» башка ижарачылары сыяктуу эле кеңсени ижарага алган (ижара келишими түзүлгөн). Муну менен факт жүзүндө КСДПнын ишмердүүлүгү токтоп калды. Аскер прокуратурасынын тергөөчүсүнүн бул иш-аракети КР мыйзамын жана саясий партиянын конституциялык укугун одоно бузуп жатат», -деп айтылат кайрылууда.

Партия бул сөздөрүнө далил катары КР Баш мыйзамынын 4-беренесинин, 3-бөлүгүн жана КР «Саясий партиялар тууралуу» Мыйзамынын 12-беренесин келтирген. 

«Жогоруда айтылгандарга байланыштуу Сизди КСДПнын конституциялык укугун жана өзүнүн уставдык милдеттерин аткарууга шарт менен камсыздап, партиянын «Медиа-Форумдагы» ижарага алган кеңсесине кирүү укугун берүүңүздү суранам», -дейт КСДП Катчылыгынын жетекчиси Таалай Усубалиев.