23.05.2018 12:20

КСДП: Атамбаев менен байланышы барларды каралап, коомчулукка жаман көрсөтүү аракети байкалууда

КСДП: Атамбаев менен байланышы барларды каралап, коомчулукка  жаман көрсөтүү аракети байкалууда

«Акыркы айларда  мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагылардын ишмердүүлүгүн каралап, коомчулукка да мындай ойду таңуулап жаткан көрүнүштөрдү байкап жатабыз. Ошондой эле, күч органдары кээ бир кылмыш иштерин иликтөөдө тандап мамиле кылып жатканы көрүнүп турат», -деп билдирди КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун кайра-кайра УКМКга суракка чакыртылып жатканы тууралуу ЖМКларда жарыяланып жаткан билдирүүлөргө жооп кайтарып жатып. 

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттары өз сөздөрүндө  2018-жылдын 10 жана 16-майында өткөн Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептери боюнча  маселени кароо “сот процессин” эске салганын моюнга алышкан. Кабыл алынган токтом болсо, айыптоо өкүмүнүн элементтерин камтып калганын да өздөрү белгилешкен.

«Буга кошумча,  Жогорку Кеңештин токтомунда  ЖЭБ авариясына  түздөн-түз күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги тууралуу пункттардын камтылбаганы таңдануу жаратат. Анын ордуна парламент ЖЭБди жаңылоону демилгелеп чыккандарды айыптоо менен алектенди. Адистердин айтымында, дал ушул адамдар Бишкек шаарынын жылуулук  тутумун  түзөтүлгүс кыйроодон сактап калышты.

Укук коргоо органдары дагы ЖЭБдеги аварияны иликтөөдө  ылгап мамиле кылып жатканы ачык көрүнүп турат.  Эске сала кетсек, эң башында кылмыш иши ЖЭБдеги авария фактысы боюнча ачылган. Авария ЖЭБдин мурунку жетекчиси Нурлан Өмүркул уулунун тушунда болгондуктан, аны  жоопкерчиликке тартуунун ордуна, тергөө органдары аварияга тиешеси жок адамдардын артынан түшүп алды. Жалал-Абад шаарынын мэри, КСДП  мүчөсү Авазов С.А. камакка алынды, мурунку өкмөт башчы, КСДП төрагасынын орун басары Сапар Исаковду суракка чакырып жатышат.

Биз ЖЭБди жаңылоодо кетирилиши мүмкүн болгон тартип бузууларды жана кемчиликтерди кылдат иликтеп чыгуу зарылдыгын четке какпайбыз.  Бирок, алгач ЖЭБдеги аварияга түздөн-түз  күнөөлүү  адамдарга чара көрүлүшү керек  деген ойдобуз.  Бул жерде кеп -  тилке адистери же цех башчылары жөнүндө эмес, ЖЭБ жетекчиси  баштаган жогорку кызматтагылар жөнүндө.

2018-жылдын 31-мартындагы КСДП төрагасы Алмазбек Атамбаевдин сөзүнөн кийин коомчулук ЖМКларда “Райым-миллион” аталган адамга карата бийлик кандай чечим кабыл алаарын күтүп жатат.

Бирок, бажыдагы Матраимовдун тушунда болуп келген  уурдоолорду иликтөөнүн ордуна укук коргоочулар ойдон чыгарылган себептер менен КСДП Саясий кеңешинин мүчөсүн,  бажыны коррупциядан арылтып баштаган  Кубанычбек Кулматовду кылмышка айыптап башташты.  УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын мындай мамилесинин өзү коррупция менен күрөшүү идеясын жокко чыгарат», -дейт Кундуз Жолдубаева.