16.09.2019 11:33

КСДП: Атамбаевдин туулган күнүнүн алдында тарапташтарын коркутуп коюу аракети көрүлүүдө

КСДП: Атамбаевдин туулган күнүнүн алдында тарапташтарын коркутуп коюу аракети көрүлүүдө

Бүгүн, 16-сентябрда Асель Кодуранова, Ирина Карамушкина, Кундуз Жолдубаева, Роза Түрксевер жана  Назгуль Мамытова ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына суракка чакырылышты. Бул туурасында КСДПдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, бир нече мүнөт мурун Роза Түрксеверди криминалдык милиция алып кетти.

«Бул бийликтин экс-президент Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин туулган күнүнүн урматына эртеңкиге пландалып жаткан тынч акциянын алдында биздин партиялаштарды жана тарапташтарды коркутуп коюу аракети экени көрүнүп турат. Бийлик өз салтын улантууда», -дешет партиядан.

Эскерте кетсек, эртең, 17-сентябрда саат 16:00дө Горький паркында Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата тынч акция өтөт. Анда куттуктоо жана каалоо-тилектер кабыл алынып, аларды тарапташтары кийин Алмазбек Атамбаевдин өзүнө тапшырышат.