05.03.2019 16:00

КСДП: «Иса Өмүркуловдун съездди да, Саясий кеңештин жыйынын чакырганга да укугу жок»

КСДП: «Иса Өмүркуловдун съездди да, Саясий кеңештин жыйынын чакырганга да укугу жок»

«Иса Өмүркуловдун съездди да, Саясый кеңештин жыйынын чакырганга да укугу жок, алтургай, КСДПдан чыгарылгандан кийин атайын чакыруусуз партиянын чогулуштарына да катышууга укугу жок», - деп билдиришти бүгүнкү маалымат жыйында КСДП өкүлдөрү.

Алардын айтымында, анын 3-апрелде КСДПнын дагы бир съездин чакыруу жөнүндөгү билдирүүсү жалган.

Партиялык форматтын чектеринен тышкары Өмүркулов И.Ш. мырза өзүнүн тарапташтарынын кандайдыр бир чогулуштарын өткөрө алат, бирок анын КСДПга эч кандай тиешеси болбойт. Бул КСДПга эч кандай тиешеси жок адамдар лидери болуп эсептелген ошол эле “Атамбаевсиз КСДП” кыймылына да тийиштүү.

«Берген маектеринин биринде Сагын Абдырахманов Асылбек Жээнбеков менен жолугушууну ага Иса Өмуркулов айтканын моюнга алган. Ошондуктан биз бүгүн КСДПга карата жүргүзүлүп жаткан саясый рейдерликтин артында эң жогорку деңгээлдеги бүгүнкү бийлик турарына барган сайын ишенүүдөбүз. Мындай болбосо, анда Өмүркулов И.Ш. жана Абдырахманов С. Ү. тарабынан мынчалык бетпактык менен уставдук жоболордун бузулуп жатканын жана адептүүлүктүн кадыресе талаптарын тоготпогондукту эмне менен түшүндүрүү керек? Партиядан чыгарылган бул адамдар Жээнбековдордун колдоосу жок, «жалган -конференцияларды», «жалган съезддерди» өткөрмөк тургай, үн чыгарганга да даабас эле!», -деп билдиришти маалымат жыйында. 

«Иса Өмүркуловдун Саясый кеңештин жыйынын чакырганга эч кандай укугу жок экенин дагы бир жолу баса белгилейбиз, анткени КСДПнын Саясый кеңешинин 2017-жылдын 23 мартында бекитилген Регламентине ылайык, мындай ыйгарым укук партиянын Төрагасына гана берилген, ал жок болгондо, бул укук КСДПнын Төрагасынын орун басарларынын бирине берилет. Ошондой эле Иса Өмүркулов КСДПдан өткөн жылы чыгарылганын жана ал өзүнүн ишин кайрадан карап чыгуу боюнча эч кандай партиялык органдарга арыз менен кайрылбаганын эске салабыз.

Съездди өткөрүү датасын өзгөртүү үчүн КСДПнын Төрагасы А. Ш. Атамбаевге Саясый кеңештин башка жыйынын өткөрүү сунушу менен кайрылуу керек.

КСДПнын съезди 2019-жылдын 6-апрелинде өтөт. Бул дата партиянын Саясый кеңешинин 2018-жылдын 18-октябрында болуп өткөн жыйынында бекитилген».