07.06.2018 13:01

КСДП кезексиз жыйынга чогулуу планы жок экенин билдирди

КСДП кезексиз жыйынга чогулуу планы жок экенин билдирди

КСДП партиясы кезексиз съезд өткөрүүнү пландабай эле турат. Бул туурасында партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, КСДП партиясынын мурунку мүчөсү Сагынбек Абдрахмановдун партия кезексиз жыйынга чогулаары тууралуу тараткан маалыматтары чындыкка туура келбейт.

Буга чейин кээ бир ЖМКларда Абдрахмановдун  КСДП мүчөлөрү кезексиз жыйын өткөрүп, Алмазбек Атамбаевди партиянын төрагалыгынан түшүрүүгө камданып жатканы жөнүндө айтканы тараган. 

«Сагынбек Абдрахманов 16-съезддин чечимине баш ийбегени үчүн 2017-жылдын 9-августунда партия мүчөлүгүнөн чыгарылган болчу. Ал партиядан бөлүнүп, өзүнчө  иш жүргүзгөн. Партиялаштары анын кадамын  КСДП партиясынан көрсөтүлгөн жалгыз талапкер Сооронбай Жээнбековго  каршы иш катары баалашкан », - деп билдирди  Кундуз Жолдубаева.

Мындан улам,  КСДПнын Саясий кеңеши Абдрахмановдун иш-аракеттери партиянын максаттарына жана милдеттерине  каршы келет деген жүйөө менен аны партиянын катарынан чыгарып таштаган.  

«Сагынбек Абдрахманов жанына өзүнө окшоп партияга таарынган санаалаштарын топтоюн деп 3 айдан бери чуркап жүрөт, бирок анысынан майнап чыкпай келет», -деп айтылат билдирүүдө.