04.05.2018 11:47

КСДП: Нариман Түлеев өзү бир нече жолу кат жазып, Атамбаевден кечирим сураган

КСДП: Нариман Түлеев өзү бир нече жолу кат жазып, Атамбаевден кечирим сураган

"Айрым адамдардын кезектеги жаңылыш, а балким, провокациялык билдирүүсүнө байланыштуу Нариман Түлеев бир нече жолу кат түрүндө кайрылып, Алмазбек Атамбаевден кечирим сураганын билдирип коюуну чечтик". Бул туурасында бүгүн КСДП  партиясы билдирүү таратты.

Партиянын маалыматына караганда, Алмазбек Атамбаев Түлеевден эч качан кечирим суроону талап кылган эмес жана кызматтык кылмыштары үчүн соттолгон адамдан кечирим суроону күткөн да эмес.

"Кечээ, 3-майда айрым маалымат каражаттары Нарын облусунда жашаган пенсионер Чолуевге шилтеме жасап, анда Атамбаев  эгерде Түлеев өлкө президентинен кечирим сураса, ага кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетүүгө жардам берүүгө даяр экени айтылган. Тилекке каршы, бул калпты Түлеев өзү да төгүндөбөйт. Балким, соттук чечимдерди кайрадан кароо толкунун демилгелөө менен ага илинип калуу максаты бардыр. Ошентсе да Түлеевдин позициясынын 180 бурчтук жаңы нукка өзгөрүшү эч кимди таң калтырбайт деле. Анткени мурун Нариман Ташболотович өз атасынын көзү тирүү туруп, Курманбек Бакиевди "атаке" дегенин көптөр дале унута элек", - деп жазылат билдирүүдө.