25.05.2018 19:26

КСДП Социнтернге кирүүнү көздөйт

КСДП Социнтернге кирүүнү көздөйт

Россиянын Санкт-Петербург шаарында КМШ, Кавказ жана Кара дениздин иштери боюнча Социалисттик Интернационалдык комитеттин жыйыны башталды.  Ага Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын мүчөлөрү да катышып жатышат. Бул туурасында партиянын  басма-сөз кызматынан билдиришти. 

Делегацияны КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов жетектеп барат. Делегациянын курамына саясий кеңештин башка мүчөлөрү Абдыманап Кутушев жана Ашэра Халикова да бар. 

Жыйындын жүрүшүндө Армениядан, Белорус Республикасынан, Кыргызстандан жана Россиядан келген катышуучулар аймактагы социал-демократияны чыңдоо боюнча стратегияны жана ошондой эле демократияны жана анын институттарын өнүктүрүү маселелерин талкууга алышты. Комитеттин чыр-чатактарды жөнгө салууда жана алдын алуудагы салымы туурасында да кеп болду.

Жыйын эртең, 26-майда аяктайт. Жыйындын жыйынтыктары туурасында Билдирүү кабыл алуу пландаштырылууда.

Жыйындын алкагында КСДПнын делегация башчысы, Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкуловдун Социнтерндин башкы катчысы Луис Айало менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө КСДПнын Социнтернге кирүүсү жөнүндө маселе талкууланды.

Луис Айало Кыргызстандын социал-демократтарын комитеттин Женевада боло турган регламент боюнча жыйынына чакырды. Бул жыйында КСДПнын Социнтернге байкоочу катары кирүүсү жөнүндө маселе талкууланмакчы. Луис Айалонун айтымында, КСДПнын партиялык бай тажрыйбасын эске алганда, анын Социалисттик Интернационалга уюмдун толук кандуу мүчөсү катары кирүүсүнө эч кандай тоскоолдуктар жок.

Ошондой эле Марат Аманкулов «Справедливая Россия» саясий партиясынын Төрагасы, СРнын РФ Мамлекеттик Думасындагы фракциясынын жетекчиси Сергей Миронов менен жолугушту. Тараптар партиялар аралык кызматташтык маселелерин талкуулашты.