05.06.2018 20:09

КСДП: Сот "Сапар Исаков үй камагына чыгарылсын" деген өтүнүчүбүздү уккан жок

КСДП: Сот "Сапар Исаков үй камагына чыгарылсын" деген өтүнүчүбүздү  уккан жок

Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун камалышы боюнча April.kg порталына комментарий берди.

Анын айтымында, Исаков тергөөдөн качпай, чакырууларга убагында барып турган.

«Тергөөчүлөр оор айыптоолорго байланыштуу камакка алууну өтүндү, алар эмне качып кетет деп коркуп жатышабы? Жактоочу тарап үй камагына алууну суранган. Ошондой эле биз дагы Исаковдун төрт жаш баласы жана карыган апасы бар экенин айтканбыз. Бирок сот биздин жүйөөлөрдү эске албай, камап салды», — деди Жолдубаева.

Ал ошондой эле мындан ары жактоочулар иш алып барарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Сапар Исаков бүгүн, 5-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мурунку премьер-министрге  Бишкек ЖЭБин жаңылоо  боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында «Жемкорлук» беренеси менен айып тагылууда. 

УКМК тараткан маалыматта: «Сапар Исаков 2013-жылы президент аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланган. Ал адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттерди кылуу аркылуу, подрядчикти тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген», — деп жазылат.