22.04.2019 11:01

КСДП юстиция министрин кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышууда

КСДП юстиция министрин кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышууда

КСДП мүчөлөрү бүгүн, 22-апрелде Юстиция министрлигинин имаратынын алдында «Адилетсиз министрлик»  аталышындагы акция өткөрүштү.  Алар министрликтин КСДПны мыйзамсыз түрдө Сагынбек Абдрахмановдун атына каттап коюшуна нааразы. 

Буга чейин КСДП Төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбаев  башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун дарегине КСДПнын жана анын мүчөлөрүнүн бузулган укуктарын тез арада калыбына келтирүүнү, ошондой эле жасалган кылмышты түздөн-түз жана объективдүү иликтөөнү талап кылып кайрылуу жолдогон.

Бүгүн акцияга чыккандар министрдин кызматтан кетүүсүн талап кылышты. «Буга чейин бир топ экономикалык объектилерди, жеке ишканаларды рейдерлик жол менен басып алуу орун алса, эми кезек саясий партияларга келип жетти. Бүгүн КСДПны басып алууга аракет кылып жатышса, эртең башка партиялар да курмандыкка чалынышы мүмкүн. Өлкөдөгү мыйзамдуулукту биринчи кезекте аталган министрлик сакташы керек эле. Тилекке каршы, Юстиция министрлиги мыйзамсыз иштерге жол берип жатат. Андыктан, юстиция министри кызматтан кетип, кылмыш жоопкерчилигине тартылсын. Бул мыйзам бузуучулукту көрүп туруп, унчукпай отурган Абылгазиевдин өкмөтү да отставкага кетсин»,-деди КСДП мүчөсү Адил Турдукулов акция учурунда.

«Юстиция министрлиги мыйзам алдында бул иш-аракеттер үчүн жооп бериш керек.  Президент өзү кайрылуу жасап жатып, мыйзам чегинде иштейбиз деди эле. Азыр биз кандай иштерге күбө болуп жатабыз?  КСДПны азыр укуктук талаадан түртүп салуу аракеттери жүрүп жатат», -деди КСДП төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева.