21.05.2018 15:11

Кубанычбек Кулматов ага козголгон кылмыш ишин Атамбаевдин адамдарынан арылуу аракети катары баалайт

Кубанычбек Кулматов ага козголгон кылмыш ишин Атамбаевдин адамдарынан арылуу аракети катары баалайт

Мурунку Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов ага козголгон кылмыш ишинде саясий  себеп бар деп эсептейт, анткени, азыр мурунку президенттин командасында иштеген адамдарга оңду-солду кылмыш иштерин ачып жатышат. Бул туурасында ал бүгүн МУККка 4 саат сурак берип чыккан соң билдирди. 

Кубанычбек Кулматов ошондой эле, аны эмнеге  айыптап жаткандарын түшүнбөгөнүн айтты. 

19-майда Коопсуздук кызматы анын үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Бирок, Кулматовдун айтымында: ..."эч нерсе табылган эмес".

Ошондой эле, бажы кызматынын мурунку төрагасы өзүн камайт деп ойлобогонун, бирок, жактоочу алганын билдирди.

Эскерте кетсек, Кубанычбек Кулматов буга чейин өз арызы менен Бажы кызматынын төрагасы кызматынан баш тарткан. Буга себеп катары, ага бийлик койгон талаптар ага туура келбегенин билдирген.