25.04.2019 19:09

Кубатбек Боронов: Өкмөт Кызыл-Омполдо уран кенин иштетүүгө тыюу салды

Кубатбек Боронов: Өкмөт Кызыл-Омполдо уран кенин иштетүүгө тыюу салды

Ысык-Көлдө уран кени казылбайт. Кызыл-Омпол кени боюнча «ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарып алынды.

Бийликти мындай кадамга элдин нааразычылыгы түрттү. Бир апта мурун уран казуу пайдалуу иш экенин айткан аткаминерлер, бүгүн башкача сүйлөй баштады. Эми окуя кандай өнүгөт?

Россиялык компания чалгындоо иштерине жүздөгөн миллиондорду коротуп, салык төккөнгө да жетишкен. Алар өкмөттүн чечимине макул болуп басып кетиши мүмкүн эмес дешет эксперттер. Эртең эле, эл аралык сотторго кайрылып кеткен чыгымдарын кайтарып алууга аракет көрүшү мүмкүн.

Мындай туңгуюк кырдаалга кыргыз өкмөтү буга чейин бир нече жолу кептелген. Мисалы: Нарынга ГЭС сала турган болгон "РусГидро".