16.12.2019 13:00

Президент Кыргызстандын аймагында уран казууга тыюуу салды

Президент Кыргызстандын аймагында уран казууга тыюуу салды

Президент Сооронбай Жээнбеков уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө иштерине тыюу салуу жөнүндө Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлайт.

Мыйзамдын максаты калктын ден соолугун, жерлерди, суу объекттерин, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоого, жарандардын жашоо, эмгектенүү жана эс алуу үчүн жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон укуктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасында радиациялык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) уран, торий кендерин чыккан жерлерди издөө жана чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерди жүзөгө ашырууга;

2) уран, торий кендери чыккан жерлерди иштетүүгө (уранды, торийди казып алууга);

3) радиоактивдүү калдык сактоочу жайларды, кен калдыктарын иштетүүгө жана андан ары иштетүү жана кармап-күтүү максатында аларды жеке жактарга берүүгө.

Эске салсак, аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 31-октябрында кабыл алынган.

Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Белигелей кетсек, мурдураак Кызыл-Омпол кен жерине ишмердүүлүгүн жүргүзө баштаган инвесторлор кыргыз өкмөтүн сотко берээри маалымдалган.