14.02.2020 11:14

Кулактандыруу! Эртеңден тартып убактылуу айдоочу күбөлүктөр жараксыз болуп калат

Кулактандыруу! Эртеңден тартып убактылуу айдоочу күбөлүктөр жараксыз болуп калат

Кыргызстанда 15-февралдан тартып убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматы билдирет. Ага ылайык, мөөнөтү бүткөн жана убактылуу айдоочулук күбөлүк менен жүргөн айдоочуларга карата мыйзам чегинде чара көрүлөт. Айыппулдун баасы 1000 сом болоору маалымдалат.

«Унаа» мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, былтыр июнь айынан декабрга чейин 49 миң жаранга убактылуу айдоочулук күбөлүк берилген. Анын ичинен 38-39 миң айдоочу күбөлүгүн колуна алган.

Ал эми мөөнөтү көрсөтүлбөгөн айдоочулук күбөлүктөр Кыргызстандын ичинде жарактуу болуп кала берет.

Кыргызстанда 2011-жылы берилген айдоочулук күбөлүктөрдү жана автоунаанын техникалык паспортторун даярдоочу бланктар менен камсыз кылган «Атлас Крипт» ишканасы менен түзүлгөн келишим былтыр апрелде аяктаган.

Натыйжада 56 миң кишиге убактылуу айдоочулук күбөлүк берилген. Ал эми жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр декабрдан тартып берилип баштаган.

Жаңы үлгүдөгү айдоочу күбөлүктөрдүн баасы мурункудан арзаныраак турат. 1 305 сомдун ордуна 732 сом болот деп баасы бычылган.