02.05.2018 18:02

"Кумтөргө" берилген 5 миң 170 гектар жер үчүн компенсация төлөнө элек

"Кумтөргө" берилген 5 миң 170 гектар жер үчүн компенсация төлөнө элек

Кумтөр алтын кенине 5 миң 170 гектар жер бөлүнүп берилип, бирок азыркыга чейин анын ордун толтуруу каражаты төлөнбөй келет. Бул туурасында Жети-Өгүз районунун жергиликтүү кеңешинин депутаттары ЖК депутаты Аида Исмаилова менен жолукканда билдиришти.

Ошондой эле, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду Жети-Өгүз районундагы Жети-Өгүз айыл аймагындагы социалдык объектилердин курулушуна ушул кезге чейин  каражат бөлүп бере электиги айтылды. Ал эми капиталдык салымдар статьясына кирген обектилер да өз маалында каржыланбагандыктан, алардын курулушу токтоп турганы белгилүү болду. 

Айылдык депутаттардын айтымында, Жети-Өгүз айыл аймагынын курамында 5 айыл бар. Андан тышкары, Жети-Өгүз курортунун айланасында да көп жылдардан бери 85 түтүн калк жашайт. Ошого карабастан, алардын жер маселеси ушул кезге чейин чечилбей келет. Айыл тургундары депутатка жаӊы мектептин имаратын куруп берүү маселесин өз көзөмөлүнө алуу өтүнүчү менен кайрылышты. 

Депутат Аида Исмаилова жергиликтүү тургундардын көйгөйүн парламентте көтөрүп, өкмөттүн дарегине жеткирүүгө убада берди.