09.10.2019 19:26

Кундуз Жолдубаева ИИМде 7 сааттан ашык сурак берди

Кундуз Жолдубаева ИИМде 7 сааттан ашык сурак берди

КСДП төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева 7 сааттан ашык сурак берип чыкты, деп билдирди «Апрель» телеканалынын кабарчысы Канат Каниметов.

Жолдубаева эртең да саат 14.00гө күбө катары суракка чакырылды. КСДП төрайымынын орун басары сурактан кийин камакка алынышы мүмкүн.

Эскерте кетсек,  Жолдубаеваны бүгүн саат 12:00гө ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына чакырышкан. Сурак башталаардын алдында жактоочусу Замир Жоошев бул жөн гана кошумча сурак болушу мүмкүн  деген божомолун айткан. Ошону менен бирге, «Кундуз Жолдубаеванын макамын «күбөдөн» «шектүүгө» которуп, камап коюшу мүмкүн» деген кооптонуусун да жашырган эмес.